Редакцияот 04.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХV кезексиз сессиясы

 

2015-жылдын 4-майы № 10

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2015-жылдагы №103-б буйругуна ылайык Ак-Жар  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу проект  сметасын бекитүү жөнүндө Ак-Жар  айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык   Кеңешинин VI чакырылышын XXV кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2015-жылдагы №103-б буйругуна ылайык Ак-Жар  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу проект  сметасы  тиркемеге  ылайык түзүлсүн (тиркеме 5 баракта)

2. Токтомдо көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн жергиликтүүбюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу  белгиленген  смета райондук  финансы бөлүмү менен  биргеликте макулдашылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловго  милдеттендирилсин.

 

 

Ак-Жар айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы

А. Кабылов