Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-майы № 11
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышын XXVI кезектүү сессиясында каралган кошумча маселе Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2015-жылга каралган бюджеттен тышкары чет элдик аңчылардан (инохота) түшкөн 99000 миң сом акча каражатты чыгымдоо боюнча маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышын XXVI кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына Ак-Жар айыл аймагынын калктуу конушунун картасын чийдирүү үчүн-24000 сом акча каражаты каралсын
2. Нарын облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына Ак-Жар айыл аймагындагы эски бала бакчанын имаратын техникалык абалын текшертүү үчүн 5469-сом каралсын
3. Ак-Жар айылындагы А.Ашырбеков атындагы айылдык клубунун имаратын оңдоп түзөө иштерине материалдарды алуу үчүн 69531 сом каралсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловго милдеттендирилсин.
Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы | А. Кабылов
|