Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-майы № 12
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышын XXVI кезектүү сессиясында каралган маселе:Айыл чарба багытындагы жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн, жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси Т.Өмүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышын XXVI кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба багытындагы жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн, жер салыгынын базалык ставкасынын өлчөмү, мурдагы базалык ставкасы боюнча калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адистери Т.Өмүрбековко жана Т.Жумабековко тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловго милдеттендирилсин.
Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы | А. Кабылов
|