Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-февралы № 19/4
Семиз-Бел айыл аймагындагы жарандарга берилүүчү маалыматтардын бааларын (тарифтерин) бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтү тарабынан элге кызмат көрсөтүүдө маалыматтардын бааларын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө акы алып кызмат көрсөтүүдөгү баалары (тарифтери) төмөндөгүөй өлчөмдө бекитилсин
үй-бүлөө тууралуу маалымат -5 сом
жашагандыгы тууралуу маалымат - 5сом
менчик малын сатууга маалымат- 10 сом -каттоого туруу, каттоодон чыгуу -5 сом
2. Айыл өкмөтү боюнча жеңилдик берүү максатында 30-апрель 2001-жыл КР Мамлекеттик пособиялар жөнүндө мыйзамынын 28-беренесине ылайык соц. жардам, соц фонд бөлүмүнө берилүүчү маалымат акысыз берилсин.
3. Айыл өкмөтүнө атайын кайрылган учурларда, райондук прокуратурага, ички иштер бөлүмүнө, райондук сотко, райвоенкоматка берилүүчү маалыматтар акысыз берилсин.
4. Кызмат көрсөтүүдөн алынган акча каражаттары айыл өкмөтүнүн атайын эсебине топтолуп, айыл өкмөтүнүн канцелярдык чыгымдарына пайдаланылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Моңкоевге тапшырылсын.
Төрага | М. Букамбаев
|