Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-январы № 12/9
Семиз-Бел айыл аймагындагы айылдарда жашаган жарандардын малы тууралуу маалыматты берүүнү уюштуруу жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу айылдардагы жашаган жарандардын талабына ылайык мал мүлкү тууралуу маалыматтарды өз убагында уюштуруп берүүнү жакшыртуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевдин сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Семиз-Бел айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган жарандарга мал мүлкү тууралуу маалыматтарды берүү Семиз-Бел, Чекилдек, Арсы айылдарындагы айыл башчылары Р.Карагозиев, К.Карабаев жана К.Ирсалиевге милдеттендирилсин.
2. Айыл тургундарына өз убагында мал мүлкү тууралуу маалыматтарды берүү менен малдарды каттоонун негизинде туура, так берилишин камсыз кылуу жана ар бир берилген маалыматка жоопкерчилик тартаары айыл башчыларына эскертилсин.
3. Мал тууралуу берилген маалыматтар боюнча айыл өкмөтүнө жума сайын отчет берип туруу жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ жагы жооптуу катчы С.Өмүровага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Букамбаев
|