Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-марты № 13/4
Семиз-Бел айыл аймагындагы ФАП башчыларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо, Арсы, Семиз-Бел айылдарындагы ФАП башчыларынын 2013-2014-жылдарга карата жүргүзүлгөн иштери жөнүндө жана туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо, Арсы, Семиз-Бел айылдык ФАП башчыларынын 2013-2014-жылдарга карата жүргүзүп келген иштери «Канаттандыраарлык» деп табылсын.
2. Арсы ,Семиз-Бел айылдарындагы ФАПтын тегерегин зым тор менен тосуп, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин колго алуу жана имаратты өрт өчүрүү шаймандар менен толуктап өрт коопсуздугун алдын алуу чараларын көрүү жагы ФАП башчыларына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Моңкоевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Букамбаев
|