Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-марты № 13/6
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин 24.04.2012-жылдыгы №29/182 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Тоо айылынын тургуну Ж.Төлөмүшовго Кара-Тоо айылынын маданият үйүнүн алдындагы кара бакты айылдын тургундарына эс алуучу жай кылып жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү максатында токтом кабыл алынган алынган, бирок андан бери көп убакыт өтсө дагы эч кандай иштер аткарылбагандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Монкоевдин сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-бел айылдык Кеңешинин айыл өкмөтүнүн буйруктарын бекитүү жөнүндөгү 24.04.2012-жылдагы №86 буйругу бекитүүдөн алынып салынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмөлдөө жагы айыл-чарба жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Букамбаев
|