Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 2
Таш-Көмүр шаарынын жарандарына “шаардын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Таш-Көмүр шаарынын жарандарына «Шаардын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу тууралуу маселесин кийинкиге жылдыруу жөнүндө шаардык Кеңештин депутаты Э.Кулуевдин сунушун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 28 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын жарандарына «Шаардын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу тууралуу маселесин кийинкиге жылдыруу жөнүндө шаардык Кеңештин депутаты Э.Кулуевдин сунушу эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын жарандарына «Шаардын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу тууралуу маселеси жүйөлүү себептерге байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жүктөлсүн.
Төрага | М.С.Кулдышев
|