Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 3
Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы “Ферросиликоналюминий” курулуп жаткан заводунда курулушка тиешелүү уруксат иш кагаздары тууралуу” шаардын мэринин милдетин аткаруучу И.Масабировдун билдирүүсү жөнүндө
Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы “Ферросиликоналюминий” курулуп жаткан заводунда курулушка тиешелүү уруксат иш кагаздары тууралуу шаардын мэринин милдетин аткаруучу И.Масабировдун билдирүүсүн жана чыгып сүйлөгөн депутаттардынсын сунуштарын угуп, талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 28 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы “Ферросиликоналюминий” курулуп жаткан заводунда курулушка тиешелүү уруксат иш кагаздары тууралуу шаардын мэринин милдетин аткаруучу И.Масабировдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин
Төрага | М.С.Кулдышев
|