Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 4
Таш-Көмүр шаардык Аялдар Кеңешинин 26.06.2015-жылдагы “шаардагы төрөт үйүн ордунда калтыруу тууралуу” кайрылуу каты жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык Аялдар Кеңешинин 26.06.2015-жылдагы “шаардагы төрөт үйүн ордунда калтыруу тууралуу” кайрылуу каты боюнча шаардык Кенештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Джангировдун билдирүүсүн жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын сунуштарын угуп, талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 28 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык Аялдар Кеңешинин 26.06.2015-жылдагы “шаардагы төрөт үйүн ордунда калтыруу тууралуу” кайрылуу каты боюнча шаардык Кенештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Джангировдун билдирүүсү эске алынсын.
2. “Шаардагы төрөт үйүн ордунда калтыруу” маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылууну жана тийиштүү иш кагаздарды даярдап жөнөтүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Джангиров) жүктөлсүн.
Төрага | М.С.Кулдышев
|