Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 6
Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат М.Кыдыршаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 28- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат М.Кыдыршаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык мэрияга, ММДине (Н.Шамурзаев), аймактык башкармалыктарга:
- Шаарыбыздагы “Ирсалиев” атындагы борбордук эс алуу багын, “Курулуш” кичи районунда жайгашкан “Скверди”, “Салтанаттын” алдындагы Какелеев көчөсүндө жайгашкан “Скверди” жана Ленин көчөсүндөгү бакты тез аранын ичинде ирээтке келтирүү - мөөнөтү III-кварталл;
- Бардык эс алуу бактарына көбүүрөөк көнүл бөлүү, картайган дарактардын ордуна жаш көчөттөрдү олтургузууну колго алуу, өз убагында суугарып туруу, олтургучтарды орнотуу;
- “Түндүк” аймактык башкармалыгынан баштап “Кызыл-Алма” аймактык башкармалыгына чейинки бардык аялдамаларды иретке келтирүү – мөөнөтү июль айынын аягына чейин;
- 2015-жылдын 15-июлуна чейин шаардын жана шаарчалардын бардык көчөлөрүндөгү түнкү жарык берүүчү прожекторлорду өз калыбына келтирүү.
- Шаардагы көчө жээктериндеги бардык арыктарды тазалоо;
- Шаардын жана шаарчалардын ичиндеги таштандыларды өз убагында бир жумада бир жолудан кем эмес график боюнча алуу;
- Шаардагы жана шаарчалардагы тротуарлардын жана ички жолдордун чункурларын ондоп түзөө иштерин колго алуу – мөөнөтү июль, август 2015-жыл;
- Шаардык ММДине (Н.Шамурзаев) жана аймактык башкармалыктардын башчыларына (“Кызыл-Жар”, “Түндүк”, “Тынчтык”, “Мендигулов”, “Кызыл-Алма”) үч айлыктын жыйынтыгы менен чара көрүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
- Жогорудагы белгиленген иштердин аткарылышын камсыз кылуу жана жыйынтыгы боюнча шаардык Ке=ештин кийинки кезектеги сессиясында маалымат берүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясына (М.Кыдыршаев) жүктөлсүн.
Төрага | М.С.Кулдышев
|