Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 10
Шаардык мэриянын 29.06.2015-жылдагы “шаардагы Т.Сатылганов атындагы №4 орто мектебинин отканасын шаардык билим берүү бөлүмүнүн балансына өткөрүү тууралуу” №03-5/722 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 29.06.2015-жылдагы “шаардагы Т.Сатылганов атындагы №4 орто мектебинин отканасын шаардык билим берүү бөлүмүнүн балансына өткөрүү тууралуу” №03-5/722 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кыдыршаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын сунуштарын угуп, талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 28 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 29.06.2015-жылдагы “шаардагы Т.Сатылганов атындагы №4 орто мектебинин отканасын шаардык билим берүү бөлүмүнүн балансына өткөрүү тууралуу” №03-5/722 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кыдыршаевдин маалыматын эске алынсын.
2. Шаардагы Т.Сатылганов атындагы №4 орто мектебинин отканасын шаардык билим берүү бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясына (М.Кыдыршаев) жүктөлсүн.
Төрага | М.С.Кулдышев
|