Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 11
Шаардык мэриянын 26.06.2015-жылдагы “шаардык мэриянын алдында жаштар уюмун түзүү тууралуу” №03-8/709 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 26.06.2015-жылдагы “шаардык мэриянын алдында жаштар уюмун түзүү тууралуу” №03-8/709 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Джангировдун билдирүүсүн жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын сунуштарын угуп, талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 28 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 26.06.2015-жылдагы “шаардык мэриянын алдында жаштар уюмун түзүү тууралуу” №03-8/709 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Джангировдун билдирүүсү эске алынсын.
2. “Жаштарды өнүктүрүү институту” өкмөттүк эмес уюмунун 23.06.2015-жылдагы №187-05 катын эске алып, шаардык мэриянын алдында жаштар уюмун түзүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Джангиров) жүктөлсүн.
Төрага | М.С.Кулдышев
|