Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 12
Шаардык мэриянын “2015-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү” тууралуу кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 29-май, 09-июнь, 15-июнь, 25-июнь жана 29-июнь 2015-жылдагы “2015-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” №03-5/590, №03-1/664, №03-1/665, №03-1/633, №03-1/628, №03-1/689, №03-1/630, №03-1/704, №03-1/716 жана №03-1/720 кайрылуу каттары тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 28 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 29-май, 09-июнь, 15-июнь жана 29-июнь 2015-жылдагы “2015-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” №03-5/590, №03-1/664, №03-1/665, №03-1/633, №03-1/628, №03-1/689, №03-1/630, №03-1/716 жана №03-1/720 кайрылуу каттары тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматы эске алынсын.
2. 2015-жылдын башында калган 555 021 мин (беш жүз элүү беш мин жыйырма бир) сом калдык каражаттын эсебинен жана Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин бюджетинде каралган “Кызматтык автоунаа сатып алууга” бөлүнгөн акча каражаттан 300,0 мин сом алынып, Таш-Көмүр шаарынын 2015-жылдагы бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлсүн:
· АРИС ПГИБО долбоорунун алкагында берилүүчү МТЗ 82-1 маркасындагы эксковатордун өздүк салымы үчүн муниципалдык менчик департаменти аркылуу – 160,0 мин сом;
· Шаардын жана шаарга караштуу Шамалды-Сай, Кызыл-Жар, Тендик калктуу конуштарынын топографиялык карталарын түздүрүү үчүн – 11210,76 сом жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар аймактык башкармалыктарынын чарба китептерине – 24 825 сом, жалпы – 36 035,76 сом шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу;
· “Түндүк” аймактык башкармалыгында жайгашкан телестанциянын чатырын ремонттоо үчүн – 22 800 сом шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу;
· Шамалды-Сай шаарчасынын Жалпы дарыгерлер борборуна матрац, төшөк, жаздык жана шейшептерди сатып алуу үчүн Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгы аркылуу – 100,0 мин сом;
· Шаардагы маалымат ресурстук борборунун айланасын коргондоо үчүн – 40,0 мин сом шаардык маданият бөлүмү аркылуу аркылуу;
· Майлуу-Суу шаарында жайгашкан “Горный” эс алуу лагеринин жайларын ремонттоо жана балдардын эс алуусун уюштуруу үчүн –60,0 мин сом шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу;
· Таш-Көмүр шаардык сотунун 12-май 2015-жылдагы СТ-15-15-Д9с-1 аныктамасынын негизинде өндүрүлгөн сумманын 10 пайыз өлчөмүн соттордогу өнүктүрүү фондуна которуу үчүн –148 185 сом шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу;
· Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн жыйындар залына олтургуч алуу үчүн – 60,0 мин сом шаардык ички иштер бөлүмү аркылуу;
· Шаардык маданият үйүнөн балдар искусство мектебине бөлүнүп берилген 3 (үч) кабинетти ремонттоо үчүн – 228,0 мин сом шаардык маданият бөлүмү аркылуу.
3. Шаардык билим берүү бөлүмүндө “көмүр сатып алууга” каралган каражаттын эсебинен 250,0 мин сомду «электр энергия төлөмдөрү» статьясына которууга макулдук берилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Экономика жана бюджет» маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн
Төрага | М.С.Кулдышев
|