Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № 129
Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө
Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 25-июнундагы № 82 “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” 2014-2018-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомунун муниципалдык башкарууну децентралдаштыруу тутумун өркүндөтүү, Бишкек шаарында сапаттуу балансталган тамактандырууну камсыздоо жолу менен мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдардын ден-соолугун чыңдоо үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, шаардын мектептеринде окугандардын тамактануусун экономикалык натыйжалуу уюштуруу тутумун түзүү бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы (Кулматов К. К.):
бекитилген жобого ылайык билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөсүн;
тамак-аш продуктыларын жана кызматтарды сатып алууга тендерге катышуу үчүн сынактык документти иштеп чыгууда генетикалык модификацияланган организмдин (ГМО) химиялык жана даам берүүчү кошулмалардын жоктугуна тастыктамалардын бардыгы жөнүндө талаптарды карап чыксын
3. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 10-июнундагы № 460 “Жалпы билим берүү уюмдарында балдарды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жана 2006-жылдын 28-сентябрындагы № 242 “Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдарды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (А. Т. Сариев) жана социалдык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине (А. М. Рыскулова) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | М.А.Аманкулов
|