Загрузка документа…
ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты №2
2014-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Бюджет жана каржы боюнча комиссия 2014-жылдын бюджетин карап чыгып төмөнкүдөй токтом кабыл алды,
ТОКТОМ :
1. Төш-Булак айыл өкмөтүнүн 2014-жылы киреше жана чыгаша бөлүгү – 3325.1 миң сом жана атайын каражаттарды эске алуу менен.
2014-жылдын бюджети төмөнкү каражаттар менен топтолот :
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы - 230.0 миң сом
Чакан ишкердик субъектер үчүн бирдиктүү салык - 5.0 миң сом
Ыктыярдуу патенттин негизинде салык - 55.0 миң сом
Кыймылсыз мүлккө салык - 25.0 миң сом
Транспорттук каражаттарга салык - 170.0 миң сом
Жер салыгы бардыгы - 454.4 миң сом
Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун
пайдалануу үчүн жер салыгы - 115.4 миң сом
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы - 268.6 миң сом
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба
багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы - 70.0 миң сом
Сатуудан салык - 84.0 миң сом
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы - 72.0 миң сом
Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин
ижарасы үчүн акы - 254.3 миң сом
Муниципалдык менчикте турган жайлардын имараттар-
дын жана курулмалардын ижара акысы - 6.0 мин сом
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым - 1.5 миң сом
Юстиция органдары алуучу мамлекеттик алым - 30.0 миң сом
кирешелер - 1386.8 миң сом
Үлүштүк грант - 1934.3 миң сом
Баардык кирешелер : - 3321.7 миң сом
Атайын каражаттар - 3.4 миң сом
Баардыгы 3325.1 миң сом
2. 2014 – жылдын чыгаша бөлүгү №2 жобого ылайык бекитилсин.
Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдар - 1862.8 миң сом
Атайын каражаттар - 3.4 миң сом
Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлор - 345.6 миң сом
Билим берүү - 466.9 миң сом
Маданий иш чаралар - 537.6 миң сом
Социалдык коргоо - 108.8 миң сом
Баардыгы - 3325.1 миң сом
2014-жылдын чыгаша бөлүгүн каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер ( айлык акы, соцфонд төлөмдөрү ) боюнча жүргүзүлсүн.
3. 2013-жылдагы жергиликтүү бюджеттен кээ бир группалар боюнча жеткиликтүү эмес каржыланган чыгымдар ассигнованиялардын эсебинен чеги боюнча 2014-жылда каралган бюджеттен компенсациялансын. Биринчи кезекте айлык акы жана соцфонд- дун төлөмдөрү компенсацияланат.
4. 01.01.2014-жылга айландыруу кассасынын накталай каражаты 30.0 миң сом менен бекитилсин.
5. Сметада бекитилген атайын каражаттан түшкөн ащыкча киреше толугу менен жергиликтүү бюджетте калтырылсын.
6. Бюджеттин киреше бөлүгү нүн ашыкча аткарылышынан түшкөн киреше Төш-Булак айыл аймагынын социалдык-маданий иш чараларына керектелсин.
7. Киреше жана чыгашалардын кварталдык бөлүктөрү 1 жана 2 жоболорго ылайык бекитилсин.
Төш-Булак айыл кеңешинин төрагасы | И.С.Алымбеков |