Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIX СЕССИЯСЫ
2015-жылдын 26-февралы № 155/19-3
Токмок ш. жергиликтүү салыктарын контролдоо жана чогултуу боюнча башкармалыгын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 21.02.2015-ж. кир. №55/1-22 Токмок ш. жергиликтүү салыктарын контролдоо жана чогултуу боюнча башкармалыгын түзүү жөнүндө өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” мыйзамынын 19-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 52-1 беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.07.2014-ж. №413 токтому менен бекитилген, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын жүргүзүү тартиби жөнүндө” убактылуу жобого ылайык, жергиликтүү бюджетти толтуруу үчүн шарттарды түзүү жана жергиликтүү салыктарды натыйжалуу чогултуу максатында, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. жергиликтүү салыктарын контролдоо жана чогултуу боюнча башкармалыгын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2004-жылдын 9-апрелиндеги №33/7-1 токтому жана Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 9-ноябрындагы №20/6-3 токтому өз күчтөрүн жоготту деп эсептелсин.
3. Токмок шаардык кеңешинин аппараты тарабынан, бул токтом катталып жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Таманбаев
|