Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XI СЕССИЯСЫ
2013-жылдын 12-декабры № 74/11-3
Токмок шаарынын бюджеттик уюмдарына 2013-жылга кошумча каражат бөлүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун м.а. К.К.Чотбаевдин жана Коммуналдык ишканалар комбинатынын (КИК) директору А.Б.Оскеновдун 2013-жылга бекитилген чыгашалар сметасы боюнча каралбаган иш-чараларды каржылоого, кошумча акча каражат бөлүү жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, ошондой эле Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык каржы бөлүмү тарабынан (Котко Н.Т.), «Башка тейлөө кызматтарын алуу» 2215 беренесине колдонулбай калган 709 “Билим берүү” бөлүмү боюнча бөлүнгөн акчанын эсебинен, Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгына (Коммуналдык ишканалар комбинатына) 6 998 000 (алты миллион тогуз жүз токсон сегиз) сом өлчөмүндө кошумча акча каражат бөлүнсүн, анын ичинен:
- Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгына (Коммуналдык ишканалар комбинатына) «Башка тейлөө кызматтарын алуу» 2215 беренесине – 6 000 000 (алты миллион) сом өлчөмүндө;
- Токмок ш. ички иштер бөлүмүнө 198 000 сом өлчөмүндө, анын ичинен: «Башка тейлөө кызматтарын алуу» 2215 беренесине – 78 000 сом, “Машиналар жана жабдуулар” 3112 беренесине – 120 000 сом;
- Токмок шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына 800 000 сом, анын ичинен: “Эмгек акы” 2111 беренесине – 682 300 сом, “Социалдык фондко төлөө” беренесине – 117 700 сом.
2. Токмок шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы (Котко Н.Т.) шаардык жергиликтүү бюджеттин чыгашалар бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизсин (709 “Билим берүү” бөлүмү боюнча 6 998 000 (алты миллион тогуз жүз токсон сегиз) сом өлчөмүндө азайтуу менен бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууну жүргүзсүн) анын ичинен: ОРБӨСМ боюнча «Башка тейлөө кызматтарын алуу» 2215 беренесинен – 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сом, “Машиналар жана жабдуулар” 3112 беренесинен – 2 000 000 (эки миллион) сом, Медколледж боюнча “Кызматтык баруулардын чыгымы” 2211 беренесинен – 40 000 (кырк миң) сом, “Коммуналдык кызматтар” 2212 беренесинен – 300 000 (үч жүз миң) сом, “Транспорттук кызматтар” 2214 беренесинен – 10 000 (он миң) сом, “Стипендиялар” 28211 беренесинен – 150 000 (жүз элүү миң) сом, Билим берүү бөлүмү боюнча «Башка тейлөө кызматтарын алуу» 2215 беренесинен – 998 000 сом жана 6 998 000 (алты миллион тогуз жүз токсон сегиз) сом өлчөмүндө көбөйтүү менен, анын ичинен: 701 “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар” бөлүмү боюнча – 800 000 (сегиз жүз миң) сом, 703 “Коомдук тартип” бөлүмүнө – 198 000 (жүз токсон сегиз миң) сом жана 706 “Турак жай жана коммуналдык кызматтар” бөлүмү боюнча (Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы (Коммуналдык ишканалар комбинаты) боюнча) – 6 000 000 (алты миллион) сом өлчөмүндө (№1 тиркемеге ылайык).
3. Токмок ш. мэри (Оморканов А.Н.) тарабынан, Токмок ш. ММБсы боюнча (ККП) бекитилген сметадан ашык каражаттарды чыгымдоого жол берген тиешелүү кызмат адамдарына (ММБнын башкаруучусу, КИКтин директору) Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдарына ылайык тартиптик жазалоо берүү маселеси каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Таманбаев
|