Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-июлу № 16/5-3
Токмок ш. мэриясынын башкармалыгынын жана ММБ түзүмүн бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын түзүмүн жана штаттык санын КР Өкмөтүнүн 5.08.2011ж. №451 токтомуна ылайык келтирүү максатында, Токомк ш. мэриясынын өтүнүч катынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 316. 13п., "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамын жетекчилике алып Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. мэриясынын башкармалыгынын жана ММБ түзүмү жана штаттык саны бекитилсин (Тиркеме №1,№2,№3).
2. Токмок шаарынын мэриясы жана муниципалдык менчик Башкармалыгы бекитилген түзүмгө жана штаттык санга ылайык кызматкерлердин иш милдетин иштеп чыксын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок ш. биринчи вице-мэрине жана Токмок шаардык Кеңешинин профилдик депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Таманбаев
|
Ушул токтомдун № 1, № 2, № 3 тиркемелери Юстиция министрилигинин архивинде сакталат