Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IX СЕССИЯСЫ
2013-жылдын 24-апрели № 57/9-3
Р.Ш. Шекиновго Токмок шаарынын Ардактуу жараны наамын ыйгаруу жөнүндө
Токмок шаарынын мэри А.Н.Оморкановдун Токмок шаарынын жергиликтүү экономикасын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы – Шекинов Радык Шекиновичке Токмок шаарынын Ардактуу жараны наамын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч катын карап, «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамын, «Токмок шаарынын Ардактуу жараны» жөнүндө Жобону жетекчиликке алуу менен, «Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шекинов Радык Шекиновичке «Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.
2. Р.Ш. Шекиновдун үй бүлөсүнө күбөлүк, төш белги жана бир жолу 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык даярдалсын жана берилсин.
3. Токмок шаарынын Ардактуу жаранынын аты Токмок шаарынын Даңк китебине киргизилсин, «Токмок шаарынын Ардактуу жарандары» тактасына фотосүрөтү жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Таманбаев
|