Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-январы № 88/XXI-11
“Алты бакан”мектепке чейинки билим берүү мекемесинин Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009 жылдын теке айынын 29 дагы “Мектепке чейин билим берүү” мыйзамынын негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алты бакан”мектепке чейинки билим берүү мекемесинин Уставы бекитилсин.
Толук аты:
Мамлекеттик тилинде: “Алты бакан” мектепке чейинки билим берүү уюму, мекемеси.
Официалдуу тилинде: Учреждение «Дошкольная образовательная организация “Алты бакан”.
2. Мекеменин юридикалык дареги:Кыргыз Республикасы, Чуй облусу, Панфилов району, Кайыңды шаары, Коммунистическая көчөсү, номери жок деп такталсын..
3. “Алты бакан” мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин мүдүрүнө Мекемени тиешелүү мамлекеттик органдарына каттоо жүргүзсүн .
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б.Абдрасулов |
| Кайынды шаарынын мэриясынын чечими менен бекитилген 25.06.2015-ж. № 34 |
Муниципалдык мектепке чейинки билим берүүчү “Алты бакан” уюмунун
УСТАВЫ
1.1. Муниципалдык мектепке чейинки билим берүүчү “Алты бакан” уюму (мындан ары МЧББ -мектепке чейинки билим берүү) уюштуруучулар тарабынан ыктыярдуу түрдө мүлктөрүн берүүнүн негизинде уюшулган коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет.
1.2. Толук аты:
Расмий тилде: Дошкольная образовательная организация “Алты бакан”
Мамлекеттик тилде: “Алты бакан” мектепке чейинки билим берүү уюму”мекемеси.
Кыскартылган аты:
Расмий тилде: Учреждение ДОО “Алты бакан”
Мамлекеттик тилде: “Алты бакан” МЧББмекемеси.
1.3. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй областы, Панфилов району, Кайыңды ш., Коммунистическая көчөсү.
1.4. Уюштуруу-укуктук формасы боюнча МЧББ ыкчам башкаруу укугуна негизделген, мектепке чейинки билим берүүнүн программаларын ишке ашырган муниципалдык билим берүү мекемеси болуп эсептелет.
1.5. МЧББ мекемесинин уюмдаштыруучусу болуп Кайынды шаарынын мэриясы эсептелет, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк ГПЮ сериясы номер 0010175, жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Панфилов району, Кайиңда шаары, Садовый ч/көчөсү 7.
1.6. МЧББ мекемесинин иштөө мөөнөтү чектелбейт.
2.1. МЧББ мекемеси үзгүлтүксүз билим берүүнүн бир тогоосу болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамында аныкталгандай акысыз мектепке чейинки билим алуунун мамлекет тарабынан кепилденген укугун сунуштайт.
2.2. МЧББ мекемесинин өзүнүн мөөрү, бурч мөөрлөрү, ошондой эле Уюштуруучулар аныктаган, туура деп тапкан жана МЧББ мекемесинин аты жазылган бланк кагаздары бар.
2.3. МЧББ мекемеси аныкталган тартипте, өз алдынча эл аралык уюмдар, юридикалык жана жеке жактар менен бардык кызматташтыктын маселелери боюнча түз байланышты ишке ашырышат, анын ичинде илим-изилдөө маселелери, маданият-агартуу жана башка ишмердүүлүктүн түрлөрү бар. Кызматташтыктын ар кандай түрлөрү келишимдин жана өз ара алыш-бериш эсебинин негизинде түзүлөт.
2.4. МЧББ мекемесинин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын негизги иш максаттарына жана мыйзамдарына каршы келбеген профсоюздук жана коомдук уюмдар түзүлүшү мүмкүн.
2.5. МЧББ мекемеси, аны коомдук аккредитациялоо максатында, билим берүү тармагында окуу, илим, маданият жана материалдык жардам боюнча ар түрдүү уюмдарга, эл аралык уюмдарды да кошкондо, кайрыла алат.
2.6. МЧББ мекемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билим берүү тармагында аткарып жаткандыгын көзөмөлдөө Панфилов районунун билим берүү бөлүмүнө жүктөлөт
3. МЧББ мекемесинин ишмердүүлүгүнүн максаттары жана милдеттери
3.1. МЧББ мекемеси өзүнүн ишмердүүлүгүндө саясий максаттарды көздөбөйт, саясат менен алектенбейт, партияларга катышпайт, үгүттөө жана башка саясий акцияларды жүргүзбөйт. МЧББ мекемесинин уюмдаштырылгандыгынын жана ишмердүүлүгүнүн негизги максаты болуп жашы мектепке жете элек балдарды тарбиялоо, алардын физикалык жана психикалык саламаттыгын чындоо, индивидуалдуу өнөрчүлүктөрүн өстүрүү эсептелет.
3.2. МЧББ мекемеси өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөнкү иш максаттарды ишке ашыруу үчүн жүргүзөт:
балдардын коопсуздугу жана ден-соолугу жөнүндө кам көрүү, баланын туура физикалык өсүүсүн камсыздоо жана оюндарды ойнотуу жана физикалык көнүгүүлөрдү, ошондой эле оорулардан алдын-ала сактаган чараларды көрүү жолдору менен анын организмин чыңдоо;
толук баалуулукту азыктандыруу;
баланын акыл эсин, тилин, эркин, мүнөзүн өстүрүү;
кооздукка, сулуулукка тарбиялоо, курчап турган дүйнө менен, жаратылыш жана адамдар менен түздөн түз байланыш мамилеси, ар түрдүү оюндар жана сабактар аркылуу тааныштыруу; ошондой эле аларды экскурсияга жана эс алууга чыгаруу менен сүрөт тартканга, куруп жыйнаганга, аңгемеге, окуганга, музыкага, ырдаганга үйрөтүү;
үстү башын карап жүрүүдө балдарды өз алдынчалык көнүүмдөрдү туюнтуу, эрежелерди аткарууда жана өз тазалыгын сактоодо өзүн өзүбашкарууну өстүрүү;
балдарды тартипке көндүрүү, алардын уюштуруучулук жөндөмүн, балдардын жана чоңдордун арасында өзүн алып жүрүүнү, улууларды сыйлоону, ата-энени сүйүүнү үйрөтүп тарбиялоо;
балдарды Мекенине, өзүнүн элине, армияга болгон сүйүүсүн жериндеги жаратылыштын байлыктарын, элдик өнөрчүлүктөрдү, балдардын аң-сезимине жеткен өлкөнүн жашоосундагы жаркын окуялар аркылуу үйрөтүп тарбиялоо;
балдардын психикалык саламаттыгын сактоодо көмөктөш болгон, алардын эмоционалдык бакубатчылыгын камсыз кылган, ар бир баланын шыгын эффективдүү өстүрүүгө шарттарды түзүү;
окутуунун интенсивдүү методдорун иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу;
ар бир баланын интеллектуалдык жана жеке өнүгүүсүн, анын жеке өзүнүн шыктарын эсепке алуу менен өстүрүү;
баланын ар тараптан өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн анын үй-бүлөсү менен байланышуу.
4.1. МЧББ мекемеси 2 ден 7 жашка чейинки балдарга коомдук тарбиялоочу мектепке чейинки билим берүү мекемеси болуп эсептелет жана төмөнкү балдардын топтору бар:
2ден 3 жашка чейинки кичинекейлердин;
3төн 5 жашка чейинки орточо;
5тен 7 жашка чейинки жогорку топтор.
4.2. МЧББ мекемесинде балдардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого, алардын денесин чыңдоого, физикалык өсүүсүнө, интеллектуалдык жана жеке өсүүсүнө, ой жүгүртүүсүнүн жана чыгармачылыгын өстүрүүгөбагытталган комплекстүү чараларды көрөт.
4.3. Бала менен тарбиячынын ортосундагы мамиле кызматташтыктын, баланын жеке адам катары сыйлоонун жана ага жекече мамиле менен, ушундай мамилеге жараша эркин өсүүнүн негизинде түзүлөт.
4.4. МЧББ мекемесине баланы өткөрүү үчүн: Ата – энесинин арызы, баланын ден-соолугу тууралуу справка, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алып келүү керек. Баланы өткөрүп жатканда МЧББ менен ата-эненин (же аларды алмаштырып жаткан жактар менен) ортосунда келишим түзүлөт.
4.5. Бала ооруп калган учурда, курорт-санатория дарылоосун алып жаткан учурда, ата-энесинин эмгектен эс алуу мезгилинде, анын МЧББ мекемесиндеги орду сакталат.
4.6. Балдарды МЧББ мекемесинен чыгарып салуу төмөнкү учурларда:
себепсиз бала бир айдан ашык келбеген учурда;
андан ары МЧББ мекемесинде баланын болушуна кедерги болгон ден-соолугу жөнүндө медициналык корутунду бар болгондо;
алардын ата-энелеринин калоосу менен;
баланын тамак-аш төлөмдөрү төлөнбөгөн учурда жүргүзүлөт
4.7. Баланы чыгарып салуу жөнүндө ата-энеси (аларды алмаштыруучулар) 7 (жети) күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алыштары керек. Чыгарып салуу жөнүндөгү чечимди МЧББ мекемесинин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алгандан баштап, бир айдын ичинде кайрылып, жокко чыгарылышы мүмкүн.
4.8. Балдардын топторунун жыйналып топтолушу “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” тууралуу мамлекеттик стандартка ылайык ишке ашырылат.
4.9. МЧББ мекемесинде медициналык кызмат көрсөтүү саламаттыкты сактоо органдары тарабынан жүргүзүлөт. МЧББ мекемесинде медициналык персонал (же штаттык түрдө) бекитилет. Медициналык жардамдар функционалдык милдеттердин чегинде акысыз жүргүзүлөт.
4.10. Билим берүү программалары баланын жашына, физикалык абалына, жекече өзгөчөлүктөрүнө карай ишке ашырылат.
4.11. МЧББмекемесинин окуу жана тарбия иштери кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.
4.12. МЧББ мекемесинин иштөө режими жана окуунун режими Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин нормативдүү актыларынын негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашуусу аркылуу аныкталат жана МЧББ мекемесинин Ички тартиптеринин эрежелеринде чагылдырылат.
4.13. Окутуунун формасы күндүзгү окуу.
4.14. Балдар үчүн МЧББ мекемесинде 3 жолу тамак-аш берүү уюштурулат.
4.15. Тамак-аштын сапатын, ар түрдүүлүгүн, тамактардын витаминдүүлүгүн, азык–түлүктүн секелеттөөсүн, кулинардык жасалышын,тамактардын жасалып чыгышын, ашкананын санитардык абалын, сактоонун тууралыгын, азыктарды сактап даярдоонун мөөнөтүн текшерүү медициналык персоналга жана МЧББ мекемесинин башчысына жүктөлөт.
5.1. Билим берүү процессинин катышуучулары болуп тарбиялануучулар, мекеменин педагог кызматкерлери, тарбиялануучулардын ата-энелери эсептелет.
5.2. Катышуучулардын өз-ара мамилелери кызматташтыктын, жеке адамды сыйлоонун, жалпы адамдык баалуулуктарды биринчи орунга коюунун негизинде түзүлөт
5.3. Ар бир тарбиялануучуга баланын укугу жөнүндөгү БУУнун Конвенциясына жана иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гарантия берилет:
коопсуздук жана ден-соолук;
физикалык жана психологиялык зомбулуктун бардык формаларынан сактоо;
анын ар-намысын коргоо;
эмоционалдуу-жеке мамилелерге болгон муктаждыгын канагаттандыруу;
анын жашына жана жекече өзгөчөлүктөрүнө жараша азыктанууга, уктаганга, эс алганга физиологиялык талаптарын канагаттандыруу; анын чыгармачылык шыктарын, кызыгууларын өркүндөтүү;
мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим алуусу;
кошумча билим кызматтарын алуу;
жабдыктарды, окуу куралдарын, оюндарды, оюнчуктарды сунуштоо.
5.4. Ата-энелердин укуктары:
баланын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
кеңеш берүүчү добуш укугу менен МЧББ мекемесинин педагогдук Кеңештин ишине катышуу;
балдар менен иштөөнү жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү, анын ичинде кошумча акы төлөнө турган кызматтарды көрсөтүүнү жана МЧББ мекемесинин иштөө режимин уюштуруу; МЧББ мекемеси менен ата-эненин ортосундагы келишимди мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу;
болуп эсептелет.
5.5. Ата-энелер милдеттүү:
МЧББ мекемесинин Уставынын талаптарын аткарууга;
МЧББ мекемеси менен ата-эненин ортосундагы келишимдин шарттарын сактаганга;
МЧББ мекемесине анын уставдык иш максаттарын аткарууда колдон келген жардамын берүүгө;
МЧББ мекемесинде баланы багып кароо үчүн белгилүү өлчөмдөгү төлөөнүчү акыны убагында ар бир айдын 10- күнүнөн ашпаган убакытта төлөө, ал эми бала ооруп калган учурда анын келген күндөрү үчүн гана төлөнөт;
бала МЧББ мекемесине келбей калаары бышык болсо, алдын ала кабарлоо.
5.6. МЧББ мекемесинин мугалимдеринин укуктары:
МЧББ мекемесинин Педагогдор кенешинин ишине катышууга;
МЧББ мекемесинин Педагогдор кенешинин Төр агасын шайлоого жана ага шайланууга;
өзүнүн аброюн жана кесиптик намысын сактоого;
МЧББ мекемесинин администрациясынан функционалдык милдеттерин, кызматтык нускамаларды аткарууга, кесибин жогорулатууга шарттарды түзүүсүн талап кылууга;
квалификациясын жана кесибин жогорулатууга;
тиешелүү квалификациялык категорияга изденүүчүлүк түн негизинде аттестациядан өтүүгө;
илимий-эксперименталдык иштерге катышып, өзүнүн педагогикалык тажрыйбасын таратууга;
МЧББ мекемесинин администрациясынын буйруктарын жана буйрутмаларын аныкталган мыйзамдын тартибинде жокко чыгаруу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган атайын жеңилдетүүлөрдү жана гарантияларды алууга болуп эсептелет.
5.7. МЧББ мекемесинин мугалимдеринин милдеттерине:
МЧББ мекемесинин Уставынын талаптарын аткаруу;
кызматтык нускамаларды, ички тартиптин эрежелерин сактоо;
балдардын коопсуздугу жана ден-соолугу тууралуу кам көрүү;
тарбия жана окуу маселелери боюнча ата-энелер менен кызматташуу;
кесиптик көндүмдөргө жана ыктарга ээ болуу, жана аларды ар дайым өнүктүрүп өстүрүп туруу;
педагогикалык этиканын нормаларын сактоо;
педагогикалык процессти сапаттуу жүргүзүү кирет.
5.8. МЧББ мекемесинин кызматкерлери милдеттүү:
балдардын коопсуздугу жана ден-соолугу тууралуу кам көрүүгө;
тартипти сактоого, ак, ак ниети менен иштөөгө.
5.9. МЧББ мекемесинин кызматкерлеринин укуктары:
окуу-тарбия процессине катышууга;
өндүрүштүк жыйындарга катышууга;
МЧББ мекемесинин ишин жакшыртууга карата сунуштарын берүүгө;
администрациядан иштөөнүн шарттарын жакшыртууну талап кылууга;
окуу-тарбия иштерин жүргүзүүдө жана уюштурууда мугалимдерге жардам көрсөтүү;
окуу-тарбия процессинин окуу куралдарын жана жабдыктарын даярдоодо жардам көрсөтүү;
эртең менен коюлуучу оюн, көңүл ачууларга жана башка иш чараларга катышуу;
администрациянын буйруктарын жана буйрутмаларын Кыргыз Республикасынын аныкталган мыйзамдын тартибинде жокко чыгаруу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандай жеңилдетүүлөрдү жана кошумча акыларды алуу эсептелет.
6.1. МЧББ мекемесин башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана Панфилов районунун билим берүү бөлүмү тарабынан бекилген ушул Уставка ылайык ишке ашырылат.
6.2. МЧББ мекемесин башкаруунун жогорку органы болуп Педагогикалык кеңеш эсептелет.
6.3. Панфилов районунун билим берүү бөлүмү төмөнкү иш чараларды көрөт:
МЧББ мекемесинин башчысын дайындоо;
Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө;
6.4. Тарбия иштеринин негизги маселелерин кароо үчүн МЧББ мекемеси Педагогдор кеңешин уюштурат, анын негизги максаты маселелерди эффективдүү чечиш үчүн, балдарды тарбиялоонун жана окутуунун жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн, коллективдин күчтөрүн бириктирүү эсептелет.
6.5. МЧББ мекемесинин Педагогдор кеңешинин башында Төр ага турат. Педагогдор кеңешинин түзүмүндө МЧББ мекемесинин бардык мугалимдери кирет. Педагогдор кеңешинин түзүмүнө кеңеш берүүчү добушка укуктуу МЧББ мекемесинин башка кызматкерлери, ата-энелер, Ошондой эле аларды алмаштыруучулар да кириши мүмкүн.
6.6. Педагогдор кеңешинин отуруму, ага бардык түзүмдүн жарымынан аз эмес мүчөсү катышканда ыйгарым укуктуу деп саналат. Катышкандардын жарымынан көбү добуш бергенде, Кеңештин чечими кабыл алынды деп эсептелет.
6.7. Педагогдор кеңешинин компетенциясына тийиштүүлөр:
МЧББ мекемесинин тарбия-билим берүү ишмердүүлүгүн, анын программаларын, балдарды тарбиялоону жана окутууну МЧББ мекемесинде ачылышын аныктайт;
ар кандай топтордо балдар менен иштөөнүн методикалык багыттарын жана билим берүү процессинин мазмуну, методдору жана формалары боюнча башка маселелерди талкуулайт;
квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайрадан даярдоо маселелерин карайт;
МЧББ мекемесинин тарбиялануучуларынын ата-энелери менен келишимдин долбоорун иштеп чыгат жана бекитет;
6.8. Өзүнүн компетенциясынын чегинде жана ушул Уставка ылайык МЧББ мекемесинин ишмердүүлүгүнө түздөн-түз жетекчиликти МЧББ мекемесинин Башчысы иш жүзүнө ашырат.
6.9. МЧББ мекемесинин Башчысы:
МЧББ мекемесинин иштеринин жыйынтыгы үчүн персоналдык жоокерчиликти мойнуна алат, мыйзамдарга ылайык иш жүргүзөт, МЧББ мекемесинин атынан аны бардык мекемелерде, уюмдарда атайын ишеним катсыз тааныштырат;
Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык МЧББ мекемесинин мүлкүнө жана анын каражаттарына ээлик кылат, келишимдерди түзөт, банктарда эсептерди ачат;
өзүнүн компетенциясынын чегинде Башчы МЧББ мекемесинин бардык мугалимдери жана кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
МЧББ мекемесинин кызматкерлерине тагылган функционалдык талаптарды бекитет;
кызматка алат жана кызматтан бошотот;
аныкталган тартипте кызматкерлерди акчалай сыйлоо маселелерин чечет;
өзүнүн компетенциясынын чегинде ички эмгектик тартиптин эрежелерин, кызматтык нускамаларды жана башка жергиликтүү нормативдик актыларды бекитет;
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин негизинде ички эмгектик тартиптин эрежелерин бузган жактарга тартиптик сөгүштөрдү жарыялайт;
медициналык персонал менен бирге тамак-аштын сапатына, ар түрдүүлүгүнө, тамактарды витаминдештирүүгө, азык-түлүктү секелеттөөгө, кулинардык жасалгалоосуна, жасалып чыгышына, ашкананын санитардык абалына, аларды сактоонун тууралыгына, азык-түлүктөрдүн сактоо мөөнөтүнүн орундалышына көзөмөл жүргүзүшөт; иштеп жаткан мыйзамдарга жана ушул Уставка каршы келбеген, өзүнүн функционалдык милдеттерине ылайык башка укуктарды ишке ашырат.
6.10. МЧББ мекемесинде Ата-энелер комитети түзүлүшү мүмкүн.
6.11. Ата-энелер комитети, МЧББ мекемеси менен туруктуу жана системалык түрдө байланышты камсыз кылуу үчүн түзүлөт.
6.12. Ата-энелер комитети, өкүл орган катары МЧББ мекемесине, анын ишине жана бардык ата-энелердин мыйзамдуу талаптарын аткарууну уюштурууда көмөк көрсөтүү максатында, балдардын жашоо шарттарын жана кыймыл аракеттерин уюштурууда катышуу үчүн түзүлөт.
6.13 Ата-энелер комитетинин укуктары:
МЧББ мекемесинин иштерин уюштуруу боюнча өзүнүн сунуштарын Башчыга берүү; балдардын тамактануусунун сапатын ар дайым текшерип туруу;
МЧББ мекемесине көмөк көрсөтүү максатында, уюмдар менен байланыш түзүү;
МЧББ мекемесинин абалы жана перспективалары жөнүндө Башчынын отчётун угуу;
Балдарды үй-бүлөдө тарбиялоо менен байланышкан маселелерди чечүү;
Билим берүү программаларында каралган эртең менен коюлуучу оюндарды, көңүл ачуучу майрамдарды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
МЧББ мекемесинин мугалимдердин жана өндүрүштүк чогулуштарга катышуу бар.
6.14. Ата-энелер комитети милдеттүү:
жалпы ата-энелер чогулушунун алдында отчёт берүүгө (жылына 2ден кем эмес);
балдар менен иштөөнү уюштурууга катышуу;
МЧББ мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого катышуу;
мугалимдер менен тарбиялануучулардын үй-бүлөлөрү менен байланышты орнотуу;
балдардын коопсуздугу жана ден-соолугу боюнча иш чаралардыуюштуруу;
өзүнүн чечимдерин МЧББ мекемесинин Башчысы менен макулдашуу.
7.1. Мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлери үчүн жумуш берүүчү болуп ушул мекеме эсептелет.
7.2. Мугалимдер түзүмүнүн штатын жана персоналды Райондук билим берүү бөлүмү бекитет.
7.3. Педагогикалык ишке,билими жөнүндө документтер менен тастыкталган, алып турган кызмат орду жана адистиги боюнча квалификациялык мүнөздөмөлөрдүн талаптарына туура келген керектүү кесиптик квалификациясы бар жактар кабыл алынат.
7.4. Мектепке чейинки мекемелерде педагогикалык ишмердүүлүккө мындай ишмердүүлүк сот тарабынан же медициналык көрсөткүчтөрү боюнча тыюу салынган жактар, ошондой эле кылмыштардынаныкталган түрлөрү боюнча соттолгон жактар да алынбайт. Медициналык каршы көрсөткүчтөрдүн жана аныкталган кылмыштардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
7.5. Жумуш берүүчү эмгек акыны Бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде төлөйт.
8.1. Уставдык билим берүү ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында, МЧББ мекемесине объектилер (жер, имарат, курулуш, мүлктүк комплекстер, жабдыктар, ошондой эле зарыл болгон керектелүүчү жана башка багыттагымүлктөр) бекитилип берилет.
8.2. МЧББ мекемесине бекитилип берилген менчиктеги объектилер, анын оперативдүү башкаруусунда болот. Кайрадан жаңы бюджеттик каражат бөлүүнүн эсебинен алынган мүлктөр – оперативдүү башкарууга берилген мүлктөрдүн тизмегине кошулат. МЧББ мекемеси өзүнө бекитилип берилген мүлктүн сакталышына жана эффективдүү колдонулушуна жоопкерчиликти өз мойнуна алат.
8.3. МЧББ мекемесинин акча каражаттарына менчик укугу бар, ага физикалык жана юридикалык жактар белек, садака же мурас катары берген мүлктөргө жана башка менчиктин объектилерине, МЧББ мекемеси өзүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжасында тапканкирешелерге жана бул кирешелерге сатылып алынган менчиктин объектилерине ээ болот.
8.4. МЧББ мекемесин каржылоонун булактары:
мамлекеттик бюджеттин ар кандай деңгээлинен (республикалык, жергиликтүү) каражаттарды бөлүп берүү;
ишканалар, уюмдар, коомдук фонддор, юридикалык жана физикалык жактар, ыктыярдуу төлөмдөр, кайрымдуулук жардамдар жана атайын фонддор бекер берген каражаттар.
8.5. МЧББ мекемесине Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарынын негизинде салыктык жеңилдетүүлөр жана башка ыңгайлаштыруу режимдери сунушталат.
8.6. Мектепке чейинки мекемеге түшкөн бардык каражаттар анын кирешеси деп эсептелет жана материалдык, техникалык жана окуу-методикалык базасын өстүрүүгө, ошондой эле окуу процессин камсыз кылууга жумшалат.
8.7. МЧББ мекемеси өз алдынча каражаттарын жумшайт жана өз алдынча өзүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрөт жана МЧББ мекемесинин кызматкерлерин материалдык жактан кызыктыруунун жана материалдык жардам көрсөтүүнүн өлчөмүн жана формасын аныктайт.
9.1. МЧББ мекемеси өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарынын оперативдүү жана бухгалтердик эсебин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, райондук билим берүү борборунун борбордоштурулган бухгалтериясы аркылуу жүргүзөт, аныкталган форма боюнча статистикалык жана бухгалтердик отчёттукту алып барат.
10.1. МЧББ мекемесин жоюу же кайрадан уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат:
МЧББ мекемесин уюштуруучулардын чечими менен;
Соттун чечими менен.
10.2. МЧББ мекемесинин ишмердүүлүгүнүн токтотулушу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырат.
10.3. МЧББ мекемесинин ишмердүүлүк процессинде пайда болгон иш кагаздар, жоюлган учурда Кыргыз Республикасынын “Улуттук архивдик фонду жөнүндө” Мыйзамына ылайык сакталууга жана колдонулууга тийиш.
11.1. Ушул Уставда чагылдырылбаган МЧББ мекемесинин ишмердүүлүгүнүн маселелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары аркылуу жөндөлөт.
Башчы | Б.Молдалиева |