Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-февралы № 2
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Жер комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы «Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» «1997-III токтому менен бекиген типтүү жобонун 21-22- пунктарынын негизинде, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек-Талаа айыл аймагында айыл чарба жерлерин , кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин тактоо жана аларды ижарага берүү боюнча комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн
Арпачиев Талантбек- Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы
Эсенбеков Руслан- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары,
Моютов Каныбек- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
Турузбаев Рүстөм- Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаты
Акматов Нурлан- Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаты
Оморов Ырсаалы- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жер адиси
Басылбеков Орозобек- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн салык кызматкери
Осмонов Каттообек- Эмгек-Талаа айылынын айыл башчысы
Кыдырмышов Жайлообек- Ак-Талаа айылынын айыл башчысы
2. Эмгек-Талаа айыл аймагында айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө ижара акылары суу баскан айдоо аянттарына 1000 (бир мищ) сомдон, ал эми насос менен сугарылуучу айдоо аянттарына 600 (алты жүз) сомдон кем болбоосу белгиленсин.
3. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 10 (он) күндүк мөөнөт ичинде төмөндөгүдөй иш-чараларды жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
-айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү, мыйзамдарда каралган учурларда ижара келишимдерин токтотуу боюнча Жобону иштеп чыгып бекитүү
- айыл аймактарында айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине так инвентаризация жүргүзүү менен комиссияга сапаттуу материалдарды камсыз кылуу
Төрага | А. Эсенбеков
|
|
|