Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-апрели № 3
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдарында түзүлгөн аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы «Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салу жоболорду бекитүү тууралуу» №625 токтомунун жоболорун жетекчиликке алып, ошондой эле Эмгек-Талаа айыл аймагынын Ак-Талаа айылынын тургундарынын 2013-жылдын 20-мартындагы жана Эмгек-Талаа айылынын тургундарынын 2013-жылдын 9-апрелиндеги жалпы чогулуштарынын чечимдеринин негизинде, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эмгек-Талаа айылында 10 (он) чөлкөм, Ак-Талаа айылында 10 (он) чөлкөм болуп бекитилсин.
2. Ар бир чөлкөмгө чөлкөм башчылары дайындалсын.
3. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чөлкөмүнүн жобосу иштелип чыксын.
4. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чөлкөмүнүн жобосун 10 (он) күндүн ичинде иштер чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Эсенбеков
|
|
|