Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-сентябры № 3
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.emgektalaa.narvn-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Эсенбеков
|
|
|