Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-февралы № 1
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2013-жылга карата бюджети 193250 (жүз токсон үч миң эки жүз элүү ) сом болуп бекитилсин.
2. 2013-жыл июнь айында элдин малы такталып санак жүргүзүлсүн.
3. Жайыт жерлеринин кыртышын бузуп айдагандарга катуу чара көрүлсүн.
4. Жайы акысы кой-эчкиге 10 сомдон, бодо малга 50 сомдон бекитилсин.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы Т.Арпачиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Эсенбеков
|
|
|