Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 45
Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жɵнγндɵ
Достук айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын кɵпчγлγгγ жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жɵнγндɵ» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Достук айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл ɵкмɵтγнγн аппаратынан каттоодон ɵткɵрγлγп, «dostuk, naryn. region. kg» веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизγγ γчγн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтγлсγн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтγнγн башчысы Т. Абдырасуловго жγктɵлсγн.
Төрага | Ж. Божокоев
|
|
|