Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июну № 3/1
1. Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин иш-планын бекитүү.
2. Таза-Суунун бюджетин бекитүү.
3. Элдик чогулуштун токтому менен бекитилген жазгы-айдап себүү, оруп жыюу жана жайкы багылган малдын бааларын, жайыт акы бааларын сессияда бекитүү.
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин экинчи кезектүү сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн ЖПБ аткаруучу органы Жайыт Комитетинин 2015-жылга бюджети 450000 (төрт жүз элүү миң) сом жылдык планы бекитилсин.
- 2014-жылдагы калдык акчалар ондурулсун.
2. Ак-Моюн Таза суу бирикмесинин 2015-жылга бюджети 375(үч жүз жетимиш беш миң) сом менен бекитилсин.
- 2014-жылдын калдыгы 111(бир жүз он бир миң) сом ондурулсун.
3. 2014-жылдагы бюджеттен соц.объектиге бөлүнгөн 32000сом калдык акча:
- “Шекер-Мүрөгү” ИСКАКБнын ремонтуна 27900(жыйырма жети миң тогуз жүз) сом бөлүнүп берилсин.
- Бирлик айылындагы паркты тосуудагы движокко май, куюуга 4100(төрт миң бир жүз) сом бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым | Г. Аттокурова
|
|
|