Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июну № 3/2
1.Ак-Моюн айылына салынып жаткан соц.объектинин курулушуна каражат кароо.
2.Социалдык, турак-жай жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу:
- Өткөрүлгөн тендерлер боюнча айыл өкмөтүнүн иш кагаздары менен таанышуу, маалыматын угуу;
- Келген проектилердин аткарылышы боюнча отчетун угуу.
3.Бирлик айылынын депутаттарынын сунушу:
- 2015-жылдын 3-апрелиндеги сессияда А.Асановго карата чыгарылган токтомдун аткарылышы,
- Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын иш кагаздарын кароо;
- Айыл өкмөт башчынын 2014-жылга карата бир жылдык отчетун угуп, баа берүү.
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин экинчи кезектүү сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылында курулуп жаткан соц объектиге 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетке түшкөн акчадан 200 000 сом болунуп берилсин.
2. 2013-жылы “Санжар” дүкөнүнөн алынган айыл чарба шаймандарына 16500 сом 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттан которулуп берилсин.
3. Ак-Моюн айыл аймагында донорлор менен буткорулгон долбоорлор боюнча тендердик иш кагаздар корсотулбогондуктон жасалган жумуштар канаатандырарлык эмес деп табылсын.
4. Бирлик айылынын айыл башчысы А.Асановдун маселеси боюнча жетиштуу иш алып барбагандыктан айыл өкмөт башчысынын иши канаатандыраарлык эмес деп табылсын.
5. Айыл өкмөттүн бухгалтери Г. Кобонова иш кагаздарын корсотпогондуктон тийиштуу фискалдык органдар тарабынан текшерилсин.
6. Айыл өкмөт башчысы Д. Мамбетов айыл окмотундо 2014-жылга карата аткарылган иштери боюнча отчет беруудон, финансылык иш кагаздарын корсотуудон баш тарткандыктан иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын. Айыл Өкмөт башчысы Д. Мамбетовдун отчету канаатандыраарлык эмес деп табылгандыктан жана ишиндеги олуттуу кемчиликтер орун алгандыктан, мындан ары айыл окмот башчысы болуп иштоосуно ишеним корсотулбосун.
7. Айыл окмот башчысы Д.Мамбетовдун кызмат абалын чечуу жагы тиешелуу мамлекеттик органдардан суралсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым | Г. Аттокурова
|
|
|