Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июну № 3/3
Сессияга келген кайрылуу-сунуштарды жана арыздарды кароо
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин экинчи кезектүү сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынан келген 2015-жылдын 25-мартындагы чыгыш №08-546 катына ылайык тарифтер көтөрүлбөсүн.
2. Ак-Моюн айылындагы ФАПтын башчысы Г.Мустапаеванын арызы боюнча (2015-жылга карата жергиликтүү бюджетке кошумча акча каражаты түшсө) 56000(элүү алты миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ат-Башы районундагы №20-Жол тейлөө ишканасынан келген 2015-жылдын 6-апрелиндеги чыгыш №36/3 каты боюнча Айгыр-Жалдын алдындагы карерден биздин айыл аймакка кум-шагыл алууга уруксат берилсин. Башка аймактарга кум-шагыл алууга уруксат берилбесин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым | Г. Аттокурова
|
|
|