Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 3/1
Жаңы-Арык айыл аймагында калк ичүүчү таза суунун тарифтерин бекитүү жѳнүндѳ
Жаңы-Арык айыл аймагында калк ичүүчү таза суунун тарифтерин кайра карап чыгып бекитүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳт башчысынын билдирүүсүн жана «Кызарт-Эл булагы» ИСКАКБ сынын башчысы А.Сатарованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл аймагынын «Кызарт-Эл булагы» ИСКАКБ сынын башчысы А.Сатарованын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Жаңы-Арык айыл аймагында калк ичүүчү таза суунун линиясынан үйүнѳ, короосунун ичине суу киргизген абоненттер үчүн 10000 (он миң) сом ѳлчѳмүндѳ тариф бекитилсин.
3. Үйүнѳ, короосунун ичине суу киргизип, 19.02.2015-жылга чейин таза суу киргизгени үчүн тѳлѳм акысын тѳлѳй элек абоненттер да 10000 сом ѳлчѳмүндѳ тѳлѳшсүн.
4. Колонкалардагы жана короосунун ичине киргизген сууну туура эмес пайдаланса (огород сугарса, сууну курулушка пайдаланса, машина жууса жана сууну жѳн гана агызып койсо) 2000 (эки миң) сом ѳлчѳдмүндѳ айып пул белгиленсин.
5. Таза суу линиясынан ИСКАКБ башчысына кайрылбастан, ѳзүм билемдик кылып суу киргизсе, 2000 (эки миң) сом ѳлчѳмүндѳ айып пул белгиленсин.
6. Жаңы-Арык айыл аймагы боюнча иштеп жаткан мончолор айына таза суу үчүн 200 (эки жүз) сомдон тѳлѳшсүн.
7. Жаңы-Арык айылдык Кенешинин 5-март 2013-жылдагы №5/1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
8. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге, «Кызарт-Эл булагы» ИСКАКБ сынын башчысы А.Сатаровага жүктѳлсүн.
Төрайым | Б. Жумаева
|
|
|