Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 3/2
Жаңы-Арык айыл аймагында таштандыларды тѳгүүгѳ жер аянтын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамына ылайык Жаңы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн угуп жана сунушун эске алып, айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл аймагында айылдын жашоочулары үчүн таштандыларын тѳгүүгѳ «Чет-Булак» участогунан кум алынган эски карьердин ордунан 0,15 га жер аянты жана «Боскундун коктусу» участогунан кум алынган эски карьердин ордунан 0,12 га жер аянты бѳлүнүп берилсин;
2. Тиешелүү мекемелерден талап кылынуучу документтерин бүтүрүү жагы айыл ѳкмѳт башчысы К.Кадиевге тапшырылсын;
3. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.
Төрайым | Б. Жумаева
|
|
|