Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № 4/1
Жаңы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2013-жылга аткарылышы жана 2015-жылга бюджетин бекитүү жана 2016-2017-жылдарга бюджеттик долбоору жѳнүндѳ
«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» жана «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳ» Мыйзамдарына ылайык Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын сунушун эске алып жана айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровдун маалыматын, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын I-кезектеги сессиясынын 02.03.2013-жылдагы №1 чечими менен 2013-жылга тѳмѳндѳгүдѳй бюджеттик кирешелер жана чыгашалар бѳлүгү бекитилген:
Кирешелер бѳлүгүнѳ: Доходдон -1282,4 миң сом
Категориялык гранттан – 20969,2 миң сом
Теңдештирме гранттан – 2439,8 миң сом
Жалпы киреше бѳлүгүнѳ – 24691,4 миң сом
Чыгаша бѳлүгүнѳ:
АУПка – 3009,9 миң сом
Маданиятка – 469,3 миң сом
Билим берүүгѳ – 21212,2 миң сом
Жалпысы – 24691,4 миң сом
2013-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгү тѳмѳндѳгүдѳй аткарылган:
Киреше бѳлүгүнѳ: Доходдон – 1557,6 миң сом
Категориялык гранттан – 13522,1 миң сом
Теңдештирме гранттан – 2404,6 миң сом
Ѳз ара эсептешүүдѳн (взаиморасчет) – 2611,2 миң сом
Жалпысы – 20095,5 миң сом
Чыгаша бѳлүгүнѳ: АУПка – 3394,6 миң сом
Маданиятка – 423,2 миң сом
Билим берүүгѳ – 15328,4 миң сом
Соц.защита – 606,9 миң сом
Жалпысы: 19753,1 миң сом
Жогорудагы 2013-жылдын бюджетинин киреше бѳлүгүнүн аткарылышы 20095,5 миң сомго жана чыгаша бѳлүгүн 19753,1 миң сомго бекитилсин;
2. 2015-жылга Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгүнѳ тѳмѳндѳгүдѳй каралган:
Киреше бѳлүгү: Доходдон – 1534,5 миң сом
Теңдештирме гранттан – 4575,4 миң сом
Киреше бѳлүгүнѳ – 6109,9 миң сом бекитилсин
Чыгаша бѳлүгү: АУПка – 4468,3 миң сом
Клубка – 373,4 миң сом
Библиотека – 98,5 миң сом
Соц.коргоо боюнча – 20,0 миң сом
Билим берүүгѳ – 1149,7 миң сом
Жалпысы: 6109,9 миң сомго бекитилсин
3. 2016-жылдын киреше-чыгашасы 6286,9 миң сом
Анын ичинен: Кирешеден – 1629,5 миң сом
Теңдештирме гранттан – 4657,4 миң сом
4. 2017-жылдын киреше-чыгашасы – 6348,8 миң сом
Анын ичинен: Кирешеден – 1705,5 миң сом
Теңдештирме гранттан – 4733,3 миң сом
5. Бѳлүнгѳн каражаттар ѳзүнүн статьялары менен чыгымдалсын;
6. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.
Төрайым | Б. Жумаева
|
|
|