Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № 4/2
Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдагы кирешеден ашкан сумманы карап, чыгымдарын аныктоо жѳнүндѳ
«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» жана «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳ» Мыйзамдарына ылайык Жаңы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын сунушун эске алып жана айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровдун маалыматын, айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 1-январь 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгашасынан ашкан 330520 сом 22 тыйын тѳмѳндѳгүдѳй чыгымдарга жумшалсын:
3111 статьясы боюнча Тѳрѳт бѳлүмүнүн ремонтуна – 200 000 сом;
3111 статьясы боюнча –Кѳпүрѳнүн ремонтуна – 80 000 сом
3111 статьясы боюнча – Кичи футбол аянтчасына – 50520 сом 22 тыйын
Жалпысы: 330520 сом 22 тыйын
2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.
Төрайым | Б. Жумаева
|
|
|