Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-майы № 5/1
Жаңы-Арык айылында айдап-себүү, мал багуунун акысы, корук, айыл-чарба техникаларынын эмгек акыларынын тарифтерин жана коруктун чыгуу убактыларын, жайлоого кѳчүү, кѳчүп келүү убактысын бекитүү жѳнүндѳ
Жаңы-Арык айыл аймагынын Кызарт, Жаңы-Арык айылында 24.04.2015-жылдагы ѳткѳрүлгѳн жыйындын №1, №2, №3, №4 протоколдорунун жана Базар-Турук, Кызыл-Эмгек айылдарында 25.04.2015-жылдагы ѳткѳрүлгѳн жыйындын №5, №6, №7 протоколдорунун негизинде Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын маалыматын жана Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдируусун угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы айдоо-себүү, сугат маселелери, мал багуу акысы, корук уюштуруу, кѳчүү-конуу, мал багуу боюнча, жайыт акынын тарифтери боюнча тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин:
1.1. Айдоо-себүү боюнча 1 га жер аянты үчүн:
Жер айдоо - 1200 сом, 25-30 литр май (ДТ-75 ге 30 л май)
Малалоо - 400 сом, 10 литр май Себүү - 500 сом, 10 литр май Шак тартуу - 150 сом, 5 литр май
1.2. Мал багуу боюнча: Бодо малга - 250 сом
Кой-эчки - 35 сом
Эскертүү: Ар бир мал ээси мал үчүн жайыт акысын ѳздѳрү тѳлѳшү керек.
1.3. Корук боюнча: Айдоо жана чѳп аянттарына түшсѳ, анда айып пул тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин:
Бодого - 200 сом Кой-эчки - 30 сом
Эскертүү: Корук Кызыл-Эмгек , Базар-Турук, Кызарт, Жаны-Арык айылдары боюнча 1-майдан баштап уюштурулсун. Корукчулар мал камалгандыгы тууралу билдирүүнү айыл башчысына жана мал ээсине 12 сааттын ичинде билдиришсин. Эгерде малдын ээси булл убакыттын ичинде малын албаса, малы ѳлүп калса корукчу жооп бербейт. Корукка түшкѳн мал башынан алынган айып пул корукчулардын айлыгы катары эсептелинсин.
Базар-Турук айылы боюнча бодого 100 сом ѳлчѳмүндѳ айып пул бекитилгени эске алынсын.
1.3. . Сугат боюнча:
Бардык айылдар боюнча – Жер жана чѳп сугат убактысы - 6 саат
Кара сугат – 8 саат
Эскертүү: Огород сугат кечки саат 8-00, эртең мененки 04-00 чейин сугарып кайра кулагын байлап коюушу керек. Уруксатсыз огородго суу жыкса 5000 сом, талаадагы сууну жыкса 10000 сом айып пул белгиленсин;
1.4. Кѳчүү-конуу боюнча:
Ички жайыттарга кѳчүү бардык айылдар боюнча 1-майга чейин.
Сырткы жайыттарга 20-июнга чейин кѳчүшсүн.
Эскертүү: Оруп-жыюу ѳнѳктүгү толук аяктаганга чейин кѳчүп келүүгѳ болбойт. Сырткы жайлоолордон эрте кѳчүп келген чабандарга жана кѳчүрүп келген техника ээлерине 5000 сом айып пул белгиленсин;
1.4. Жайыт акысы боюнча:
Бодого 60 сом бир сезон үчүн – тѳлүнѳ алынбайт
Кой-эчкиге 12 сом бир сезонго - тѳлүнѳ алынбайт
1.5. Малды эмдѳѳ боюнча:
Айыл тургундары малдарын чабандарга кошуудан мурда, малдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдѳѳдѳн милдеттүү түрдѳ ѳткѳрүшсүн. Малын эмдетпеген тургундарга 5000 сом айып пул белгиленсин;
1.6. Чѳп чабык боюнча:
Чѳп чабык КПС - 1000 сом, 10 литр май Косилка - 800 сом, 10 литр май
Пресс-подборщик - 1 пресс 8 сомдон, 1 га жер аянтына 15 литр май Эскертүү: Эгерде майы, жиби трактористин ѳзүнѳн болсо анда 1 пресс 15 сомдон
1.7. Таштандылар боюнча: Таштандыларды атайын белгиленген жерден сырткары жерлерге тѳксѳ, тѳккѳн адамга 10000 сом айып пул белгиленсин;
2. Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин 8-апрель 2014-жылдагы №2/2 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.
Төрайым | Б. Жумаева
|
|
|