Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-майы № 5/2
Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жѳнүндѳ
Жаңы-Арык айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын кѳпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылар жѳнүндѳ» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын;
2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.
Төрайым | Б. Жумаева
|
|
|