Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-майы № 5/3
Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү жана калктуу конуш түзүү, 2015-2017-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо Программасын бекитүү жѳнүндѳ
Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү жана калктуу конуш түзүү, 2015-2017-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо Программасы боюнча айыл ѳкмѳт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү жана калктуу конуш түзүү, 2015-2017-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо боюнча Программасы бекитилсин (тиркеме тиркелет);
2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.
Төрайым | Б. Жумаева
|
| Жаны-Арык айылдык Кенешинин 2015-жылдын 16-майындагы №5/3 Токтому менен бекитилген
|
(Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыздоо программасын ишке ашыруу алкагында иштелип чыкты)
1. Киришүү
2. Программаны ишке ашыруунун негизги максаттары, милдеттери жана мѳѳнѳттѳрү
3. Программанын иш чаралары
4. Программаны ишке ашырууда мамлекетттик бийлик органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары
5. Программаны финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо;
6. Корутунду
Программанын аталышы | Айыл жерлеринде 2017-жылга чейин жарандарды жер участоктору менен камсыздоо |
Программаны иштеп чыгуу үчүн негиз | Кыргыз Республикасын 2017-жылга ѳнүктүрүү комплекстүү негизде, 2015-2017-жылдарда кедейчиликти кыскартуунун улуттук стратегиясында жана «2017-жылга чейин элетти комплекстүү ѳнүктүрүү» Кыргыз Республикасынын улуттук программасында белгиленген чечимдерди аткаруу |
Программаны ишке ашыруу үчүн жооптуулар | Айыл ѳкмѳтү, райондук кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы, райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы |
Программанын милдеттери жана максаттары | Айылдын турак-жай салууга жерлерди кеңейтүүгѳ КР Жогорку кенешине, КР Ѳкмѳтүнѳ сунуштоо, кеңейтилген жерге айылдын генералдык планын иштеп чыгуу, айылдык тургундарды турак-жай салуу үчүн жер участоктору менен камсыздоо, жаш үй-бүлѳлѳргѳ туруктуу жашоого шарт түзүү менен ички миграцияга бѳгѳт коюу |
Ишке ашыруу мѳѳнѳтү | 2015-2017-жылдар |
Программаны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар | Айыл жерлеринде тургундарды турак-жай салуу үчүн жер участокторду бѳлүп берүү менен, жаш үй-бүлѳлѳргѳ туруктуу жашоого шарт түзүү |
Жаны-Арык айыл аймагында жер жана агрардык реформаны ырааттуу жүргүзүүнүн натыйжасында 2015-жылдын 1-январындагы абал боюнча айыл жерлеринде жашаган жана мурда колхоз, совхоздордо жана башка мамлекеттик айыл чарба ишканаларында, ошондой эле саламаттык сактоо, суу чарба, билим берүү, тиричилик жактан тейлѳѳ, соода, маданият, агрозооветхимтехсервис чѳйрѳсүндѳ иштеген Жаны-Арык айылынан 956 үй-бүлѳ жер үлүштѳрүн алышкан. Алсак, Жаны-Арык айылынын жарандарынын жеке менчигинде 2339 га айыл чарба багытындагы жерлер, ички жайыт 19440 га, айдоо жана мамлекеттин менчигинде 686 га аянттары бар.
Кыргызстанда жер реформасын жүргүзүү жылдарында жер мамилелеринде терең, түп тамырынан ѳзгѳртүүлѳр болуп ѳттү. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жерге жеке менчик укугу таанылып, менчик ээлерине ѳзүлѳрүнүн тандоосу боюнча ага тиешелүү мүлккѳ, анын ичинде жер участогуна да ээлик кылуу, пайдалануу жана тескѳѳ боюнча укуктар берилген.
«Айыл чарба багытындагы жерлер», «Калктуу конуштардын (шаарлардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдардагы калктуу конуштардын) жерлери», «Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» сыяктуу жердин категориялары боюнча нормативдик укуктук база түзүлгѳн жана укук мамилелери туруктуу рыноктук мүнѳзгѳ ээ болгон. Айыл чарба багытындагы жер участокторунун бардык түрлѳрүнѳ укуктарды берүүнүн конкренттүү механимдери жана жол-жоболору иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32 беренесинин 1-пунктунда Жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдѳ бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлѳѳгѳ жана белгиленген ченемдер боюнча ѳзүмдүк кѳмѳкчү чарба жүргүзүүгѳ жана дача курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнѳ укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан аныкталган ѳлчѳмдѳ берилет.
Программанын максаты айыл жерлеринде тургундардын жер участогу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн шарт түзүү, аларды коомдун жана айылдык тургундардын муктаждыктарын канааттандыруу.
Программалык иш-чаралар тѳмѳнкүдѳй негизги милдеттерди чечүүгѳ багытталган:
- Айыл жерлеринде 2017-жылга чейин жарандарды жер участоктору менен камсыздоо;
- Калктуу конуштарды кеңейтүүгѳ айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоого;
- КР Жогорку Кеңешине, КР Ѳкмѳтүнѳ сунуштоо.
- кеңейтилген жерге айылдын генералдык план иштеп чыгуу
- ички миграциянын агылышна дол бербѳѳ
Программаны ишке ашыруу 2015-2017-жылдардын мезгилине болжолдонот.
Айыл жерлеринде 2017-жылга чейин жарандарды жер участоктору менен камсыздоо, жер боюнча Программаны ишке ашыруунун негизги багыттары тѳмѳнкүлѳр болуп саналат:
- айыл жерлеринде 2017-жылга чейин жарандарды жер участоктору менен камсыздоо;
- калктуу конуштарды кеңейтүүгѳ айыл-чарба багытындагы жерлерди трансформациялоого;
- КР Жогорку Кеңешине, КР Ѳкмѳтүнѳ сунуштоо;
- кеңейтилген жерге айылдын генералдык план иштеп чыгуу
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыз кылууда, бардык жер ресурстары кыйла толук жана сарамжалдуу пайдаланууну уюштурууда айыл калкына кѳмѳк кѳрсѳтүшѳт.
Райондук кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы, райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана укуктук ченемдик актыларынын негизинде иш жүргүзүшѳт.
Программаны финансылык-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен ушул Программанын иш-чараларын жүзѳгѳ ашырууга жооптуу тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын колдо болгон материалдык-техникалык базасынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана долбоорлордун каражаттарынын чегинде ишке ашырылат.
Бул Программаны ишке ашыруу айыл жерлеринде тургундардын турак жай менен камсыздоо жарандардын жакшы жашоого мүмкүндүк берет. Ички жана сырткы миграцияга тоскоолдук болуп, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын эркин ишке ашырууга жана аларды гарантияланган коргоого негизденип, түпкү натыйжада айыл калкынын жашоо-турмушун жакшыртат. Айыл жерлеринде жарандарды турак-жай менен камсыз кылуу жана ушул Программанын иш-чараларын жүзѳгѳ ашыруу үчүн ар тараптан мамлекеттик колдоо зарыл.
№ | Иш чаралар | Аткаруу мѳѳнѳтү | Аткаруучулар | Финансылык камсыздоо | Күтүлгѳн натыйжалар |
1 | Айыл жеринде тургундарды жер участоктору менен камсыздоо | 2015-2017-жж | Айыл ѳкмѳтү |
| Тургундардын турак-жай менен камсыз болушу |
2 | Калктуу конуштардын генералдык планын түзүү | 2015-2017-жж | Айыл ѳкмѳтү, Райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы | Айыл ѳкмѳтү | Айылдын генералдык пландын негизинде ѳнүгүүсү |
3 | Калктуу конуштарда курулуштардын генералдык пландын негизинде жүргүзүүнү кѳзѳмѳлдѳѳ | 2015-2017-жж | Айыл ѳкмѳтү, Райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы |
| Курулуштардын архитектура жана шаар куруу мыйзамдарынын таоаптарына ылайык курулушу |
4 | Калктуу конуштарда жаны конуштар түшүүчү аймактарды белгилѳѳ, жердин категориясына жараша турак жай категориясына которуу боюнча КР, ЖК, КРѲ сунуштоо | 2015-ж | Айыл ѳкмѳтү, Райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы |
| Токтом менен бекитилиши |
5 | КР «Жер кодексинин» белген шарттарына ылайык турак-жай курууга муктаж жарандарга жер тилкелерин камсыз кылууну уюштуруу | 2015-ж | Айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча комиссиясы |
| Жарандардын мыйзам чегинде жер участкалары менен камсыз болушу |
6 | Айыл ичинде жашаган тургундардын арасында турак жайга муктаж болгон жарандарга мониторинг жүргүзүү | 2015-ж | Айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча комиссиясы |
| Ѳзгѳчѳ жаш үй бүлѳлѳрдүн жер участкалары менен камсыз болушу. |
|
|