Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-июну № 21/1
Көк-Жаңгак шаарынын ДЮСШ № 1 жетекчилигинин кайрылуусу жөнүндө
Көк-Жангак шаарынын ДЮСШ № 1 жетекчилигинин кайрылуусун карап талкуулап Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине үлүштүк (дем берүүчү) грантка 2957,3 мин сомду мурдагы котельнийди күрөш залына реконструкциялоого заявка берилгендиктен өздүк салымына кошуу үчүн, Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (Vl-чакырылышы) кезексиз XXI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине үлүштүк (дем берүүчү) грантка өздүк салымын кошуу үчүн жергиликтүү бюджеттен накталай 148,0 мин сом каралсын, калган 148,0 мин сомдук өздүк салым ашар жолунда жумушчу күч катары сарпталсын, баары биригип өздүк салым 296,0 мин сомду түзүп бекитилсин.
2. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөл кылуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына ( З.Арзыкуловага) тапшырылсын.
З. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов
|