Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-майы №2
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-2018-жылдарга карата киреше боюнча долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин, Кыргыз Республикасындагы “Бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 48-беренесин негиздеп, айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруеванын, айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-2018-жылдарга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору жөнүндө баяндамаларын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-2018- жылдар үчүн киреше бөлүгүнүн долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:
2016-жылга 9800,0 миң сом
2017-жылга 10021,7 миң сом
2018-жылга 10241,0 мин сом
2. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрайымы | Т. Наримбетова |