Редакцияот 26.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин  кезектеги  он алтынчы сессиясы

 

2015-жылдын 26-майы № 5

 

Кара-Көл айылындагы Ж.Омуралиев атындагы толук эмес мектепти орто мектепке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана Кара-Көл айылынын 10-11 класстын окуучуларынын башка орто мектептерге барып окуусун улантуу кыйынчылыктарын эске алып, айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы К.Токоматовдун маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кара-Көл айылындагы Жаныбек Омуралиев атындагы толук эмес мектептин жалпы орто мектепке өзгөртүүсүнө макулдук берилсин.

2. Мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарын жасоо жагы Ж.Омуралиев атындагы толук эмес мектептин директору М.Назаровго жүктөлсүн.

3. Ж.Омуралиев атындагы толук эмес мектептин жалпы орто мектепке өзгөртүү жагы Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрайымы

 

Т. Наримбетова