Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-апрели № 2
Масы айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Швейцариялык Кызыл Крест уюмунун Ден-соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттери (ДКЖА) Долбооруна Масы айыл аймагы пилоттук айыл аймак болуп киргизилген. Долбоорду турмушка ашырууда каралган гранттык каражатты пайдалануу жана аткаруу максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Швейцариялык Кызыл Крест уюмунун Ден-соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттери (ДКЖА) Долбоорунун эсебинен 1 даана коп орундуу автотранспорт сатып алуу боюнча кичи долбооруна каралган гранттык каражатынын 800000 мин сомду айыл өкмөтүнүн атайын киреше каражат эсептик счетуна 14239400 кошумча өзгөрүүлөрдү киргизүү Масы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө кириштелген 800000 сом акчаны чыгаша каражат счетуна 31121290 которуп берүү жагы фининсы-экономикалык бөлүмдүн башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы
| С. Арзиев
|