Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-апрели № 1
Долбоордун артыкчылыгын тандоо жөнүндө
Масы айыл окмотунун 2015-жылдын 10-апрелиндеги № 64- буйругу менен бекитилген конкурстун негизинде АРИСке койгойлуу долбоордун артыкчылыгын тандоо боюнча маалыматын угуп талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Масы айыл окмотунун АРИСке жазган сунуштарды тандоо боюнча конкурсттук комиссиянын торагасы Н.Назаровдун маалыматы эске алынсын.
2.Конкурсттук комиссиянын отурумунун протоколунун чечими бекитилсин.
(Конкурсттук комиссиянын отурумунун протоколу тиркелет.)
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы
| С. Арзиев
|
| Масы айылдык Кенешинин 28.04.2015-жылдагы XXVI чакырылышынын кезексиз сессиясынын № 1- токтому менен бекитилди.
|
Масы айылы. 21-апрель 2015-жыл.
Катышты 11 адам.
Күн тартибиндеги маселе:
1.Масы айылынын Социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу боюнча АРИСтин айылды инвестициялоо долбоорунун алкагында өткөрүлгөн жыйындардагы сунуш-долбоорлорду кароо.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Назаров жыйналышты ачып, маалымат берүү үчүн сөздү Масы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис Д.Акматовага берди.
Д.Акматова-Бүгүнкү комиссиянын отурумунда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан АРИСтин айылды инвестициялоо долбоорунун конкурсуна катышуу үчүн керектүү иш кагаздарын талап кылуу менен АРИСтин Айылды инвестициялоо долбоорунун конкурсуна Масы айыл аймагынын бардык айылдардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктап, АРИСтин Айылды инвестициялоо долбооруна сунуштоо максатында Масы айыл өкмөтүнүн администрациясы тарабынан 21.04.2015-жылдын №64-буйругу чыгарылды. Комиссиянын курамы 9 адамдан түзүлдү.
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 11.04.2015-жылдын №06-2/334-сандуу катты жетекчиликке алып, бүгүнкү күнгө чейин Масы айыл аймагындагы 5 айылга 5 түрдүү фокус топ түзүлүп жыйындар өткөрүлдү. Жыйынга жалып катышуучулардын саны 623, ал эми өткөрүлгөн жыйындардын протоколунун саны 42. Фокус топко жаштар, аялдар, ишинин тегине, аралаш, карылар тобу катышышты. Көйгөйлүү маселелердин саны 32 түздү.
-Жарыш сөзгө Масы айылындагы №4 “Алтын-Бешик” балдар бакчасынын жетекчиси С.Абдуллаева чыгып төмөнкүлөрдү кошумчалады.
-Жогоруда аталган 5 фокус топтор жер-жерлерде жыйындарды уюштуруп, айыл ичиндеги көйгөйлүү маселелерди аныктоо үчүн жыйындар өткөрүлдү. Айылдын профайлы жөнүндө маалымат топтоо менен элге толук маалымат беришти. Мага жакканы профайл жөнүндө толук маалымат алдык.
-Жарыш сөзгө Беш-Жыгач айылынын айыл башчысы жана Масы айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын мүчөсү М.Суяров төмөнкүдөй өзүнүн оюн билдирди.
АРИСтин Айылды инвестициялоо долбоорунун конкурсуна катышуу үчүн Масы айыл аймагына статус алган ар бир айыл профайлын түзүп, 5 топтогу фокус топтору менен жыйындарды уюштурууну негизинде көйгөйлүү маселе аныкталып чыкты.
Жарыш сөзго №29 Я,Мирзаходжаева атындагы орто мектебинин директору жана конкурстук комиссиянын мучосу Х.Абдуллаева төмөнкулөрдукошумчалады. –АРИСтин Айылды инвестициялоо долбоорунун критерийине ылайыктуу жана чечилүүчү маселени сунуштоо үчүн Масы айылында 5 фокус топтун жер-жерлерде өткөргөн жыйындары артыкчылыктуу көйгөйдү аныктоого багытталды.
Жогорудагылардын маалыматын угуп, талкуулап Масы айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.АРИСтин Айылды инвестициялоо долбооруна Масы айыл аймагындагы айылдардын төмөнкү артыкчылыктуу көйгөйлөрү сунушталсын.
1.Апыртан айылынын Кызыл-Кыштак учаскасындагы бутпой жаткан
мектепти толук кандуу ишке киргизү.
2.Беш-Жыгач айылына электр мамычаларын орнотуу.
3.Масы айылындагы № 4 Алтын-Бешик балдар бакчасынын чатырын
реконструкциялоо.
2.Конкурстун жыйынтыгы Масы айылдык кенештин сессиясына бекитип берүүгө
сунушталсын.
Жыйындын төрагасы
Жыйындын катчысы
| Н.Назаров
Д.Акматова |