Редакцияот 10.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясынын

 

2015-жылдын 10-марты № 1

 

 Масы айыл өкмөтүнүн  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2014-жылдагы  көрсөткүчтөрү жана 2015-жылга коюлган милдеттери жөнүндө

     15-июль 2011-ж. №101-«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46, 50-беренелеринин негизинде Масы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун  Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2014-жылдагы  көрсөткүчтөрү,  бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2015-жылга  коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Масы айылдык  Кеңешинин  ХХVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун  Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2014-жылдагы  көрсөткүчтөрү,  бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2015-жылга  коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

2. Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн  2014-жылдагы  көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2015-жылга  коюлган милдеттери  жөнүндө  билдирүүсү  канааттандырарлык  деп табылсын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын,  расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык  юстиция башкармалыгына  ченемдик укуктук  актылардын  мамлекеттик  реестрине  киргизүү  үчүн  жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Абдалиевге тапшырылсын.

    

Масы айылдык кеңешинин төрагасы

 

С. Арзиев