Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-марты № 2
Масы айыл өкмөтүндөгү элдин менчик малдарын багуучулардын баасын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылындагы менчик багарлар менен өткөрүлгөн чогулуштун сунушун эске алып Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Масы айыл өкмөтүнүн мал чарбасы жана ветеринардык маселелер боюнча башкы адиси А.Алимбековдун жана Масы айылдык Кеңешинин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Абдужаппаровдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2.Масы айыл өкмөтүндөгү элдин менчик малдарын багуучуларга бир айга бир баш кой, эчки үчүн 100 сом, бир баш кара малга 350 сомдон баасы бекитилсин.
3.Масы айыл өкмөтүндөгү элдин менчик малдарын багуучуларга бекитилип берилген баалардын негизинде алынып, жаткандыгы ушул жылдын май айында Масы айылдык Кеңешинин айыл,суу чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан текшерилсин.
4.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Абдужаппаровго тапшырылсын.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы
| С. Арзиев
|