Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-марты № 3
Масы айыл өкмөтүндөгү мал жандыктарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акыларынын баасын бекитип берүү жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн мал чарбасы жана ветеринардык маселелер башкы адиси А.Алимбековдун сунушун жана айылдык кенештин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Масы айыл аймагында мал жандыктарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акысы бир баш жылкы үчүн-70 сом, бир баш кара мал үчүн-70сом, бир баш
кой-эчки үчүн - 20сом, ит үчүн-100сом, тоок үчүн -10 сомдон бекитилсин.
Масы айыл өкмөтүндөгү мал жандыктарын ветеринардык талаптарга ылайык белгиленген мөөнөттө эмдөө жана сапаттуу вакциналар менен эмдөө ветеринардык сервистердин жетекчилеринин жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин айыл,суу чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Абжапаровго тапшырылсын.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы
| С. Арзиев
|