Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-марты № 4
Масы айыл аймагындагы Беш-Жыгач айылындагы жаңы ачылган балдар бакчасына ат коюу жөнүндө
Беш-Жыгач айылында 2014-жылдын 10- сентябрдагы өткөрүлгөн жыйындын чечимин угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Масы айыл аймагындагы Беш-Жыгач айылына жаныдан ачылган балдар бакчасына № 27 «Күн -Нуру» деген аталыш берилсин.
2.Жаны ачылган балдар бакчасынын Уставын даярдоо жана каттоодон өткөрүү балдар бакчасынын директору Г.Арапбаева жуктолсун.
3.Жаңы ачылган балдар бакчанын Уставын даярдоо жана каттоодон өткөрүү жана штамп алууга кетүүчү акчалай чыгымдарды айыл өкмөттүн бюджетинен каржылоо Масы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовго милдеттендирилсин.
4.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5.Жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Масы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Саитовага жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы
| С. Арзиев
|