Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-марты № 5
Масы айыл аймагындагы К.Султанов көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 27-53-55-56- беренелеринин негизинде Масы айылдык Кенешинин өнөр жай, архитектура, транспорт жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагындагы К.Султанов көчөсүнүн тургундарына сервитут катары №51 Жол тейлөө ишканасынын аймагынан узундугу 15 метр туурасы 3 метр жер ажыратылып берилсин.
2. Документтерди даярдоо тийиштуу мекеме ишканалардан суралсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарлышын козомолдоо Масы айылдык Кеңешинин өнөр жай, архитектура, транспорт жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Оморовго жүктөсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы
| С. Арзиев
|