Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-марты № 12
Масы айыл аймагындагы бала-бакчалардын кызматкерлеринин тамак-ашынын баасын бекитүү
Масы айыл аймагындагы бала-бакчалардын кызматкерлеринин тамак-ашынын баасы жөнүндө жалпы чогулушунун токтомдорунун негизинде Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №4 «Алтын-Бешик» жана №19 «Бахор» балдар бакчаларынын жетекчилери С.Абдукаюмова жана С.Абдуллаевалардын билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Бала-бакчалардын кызматкерлерине күнүмдүк тамак-ашы үчүн 20 (жыйырма) сомдон бекитилсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Эшенкуловко тапшырылсын.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы
| С. Арзиев
|