Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-декабры № 70/11-3
Токмок шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын теңдеминдеги автоунаа каражаттарын Токмок шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн теңдемине өткөрүп берүү жѳнүндѳ
Токмок шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын авто унаа каражаттарын сатуу жѳнүндѳ өтүнмөсүн карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги №131-р тескемесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, ошондой эле туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын теңдеминдеги автоунаа каражаттарын Токмок шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн теңдемине өткөрүп берүү, ошондой эле калыбына келтирүүгө жана мындан ары колдонууга мүмкүн эмес унаа каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептен чыгарууга макулдук берилсин (тизме тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Таманбаев |