Загрузка документа…
ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № 4
Жайыт комитетинин 2015- жылга карата малды жайытка чыгарууда, мал башына төлөнүүчү акынын өлчөмү өгөрүүсүз калтырылып өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө
Жайыт комитетинин 2015- жылга карата малды жайытка чыгарууда, мал башына төлөнүүчү акынын өлчөмү өгөрүүсүз калтырылып, пайдаланылып жаткан жайыттардын инфраструктураларын жакшыртуу максатында бир катар иш чаралар пландаштырылып, ага ылайык жайлоолорго мал эмдөөчү коруктардын курулушу зарыл экендигин белгилөө менен, алыскы жайыттарга баруучу жолдорду оңдоо мезгилдин талабы болуп калганы талашсыз экенин жана дагы жайытты башка максатта пайдалануучуларга мыйзамга ылайык шарт түзүлөөрүн, Орток айыл өкүмөтүнүн ЖПБ нин төрагасы Сеңирбаев Алтынбектин маалыматынын негизинде талкууга алынып Орток айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орток ЖПБ жалпы 18210 га жайыты толук пайдаланылат деп эсептелинсин.
2. Орток ЖПБ нин 2015 ж карата жалпы суммасы 331250 сом болгон киреше, чыгаша сметасы бекитилсин.
3. Орток айылдык аймагынын жайыттарына чыга турган малдын саны жана акысы.
Жылкы – 1600 баш ×1ө1600 ШМБ
Уй – топоз - 2050 баш ×1ө2050 ШМБ
Кой –эчки - 10500 баш × 0,2 ө 2100 ШМБ
Бардыгы: 5750 ШМБ – болуп бекитилсин.
Бодо малга 1 башка 35 сом
Майда жандыка 7 сом болуп бекитилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Орток айылдык аймагынын айыл жайыт комитетинин төрагасы А.Сеңирбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | О.Аалиев |