Редакцияот 21.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 21-апрели № 19/2

 

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу, төлөмдөрдү мурунку мыйзамга ылайык төлөө жөнүндө

Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 1-Май, Талды-Суу, Өзгөрүш айылдарында айыл чарба жерлеринин ФПСтин жерлерин ижарага берүү боюнча аукциондор 10-11-12-март 2015-жылы өткөрүлүп, аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын протоколу менен бекитилген жана ошондой эле камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү белгиленип келишимдер түзүлгөн. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзамы 24-март 2015-жылы Эркин Тоо газетасына жарыяланган. Ошондуктан ижарага алынган жерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү мурунку мыйзам боюнча төлөнөөрү белгиленсин.

2. Ижарага берилген жерлерге байланышкан камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча тиешелүү отчетторду мурунку ставка менен кабыл алуу жагы Ат-Башы райондук соцфонд башкармалыгынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси А Чукулуковко милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж.Молоев